Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 6-июлу № 28- 16 / 95

Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1 - январына карата жергиликтүү бюджеттин эсебинде калган калдык акча каражатын жергиликтүү бюджеттин биринчи кезектеги каржылана турган статьяларына которуу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше булагынын эсебине ЖАК “ Мекс Ресурс” тарабынан лицензияны кармап туруу үчүн 10695,7 миң сом акча каражаты каралган, бирок жергиликтүү бюджеттин эсебине 8415,8 миң сом акча каражаты түшпөй тургандыгы боюнча жогорудагы компания тарабынан жиберген катынын негизинде, 2023 – жылдын 1-январына карата Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде калган 6866833 сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министр Кабинетинин “ Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджеттин аткаруу прцессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгөн чыгымдарды үнөмдөлгөн суммаларын пайдалануу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмө” токтомуна таянып, биринчи кезекте каржылана турган статьяларын каржылоо үчүн токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин эсебинде калган 6866833 сом калдык акча каражатын биринчи кезекте каржылоого которууга (айлык акы,соц фонд,коммуналдык чыгымдар, көмүр) уруксат берилсин.

 

Төрага

У .Кенжегараева