ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XIХ-сессиясы
2023-жылдын 2-марты № 156
Түп айылдык аймагынын Түп айыл өкмөтүнө, Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Түп айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү максатында, күн тартибиндеги Түп айылдык аймагынын Туп айыл өкмөтүнө Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XIX- сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын Түп айылындагы Уркаш-Ата жаңы конушундагы социалдык шаарчага баруучу жолду жасоо үчүн, кум, шагыл төшөө иштерине 1(бир) тонна күйүүчү майлоочу май (ГСМ) алууга Түп райондук өнүктүрүү фондунан акча каражаты суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана жана ишке ашыруу жагы, Түп айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А. милдеттендирилсин.
Тѳрайым | А.О. Орозбекова |