ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХ-сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 159
Түп айылдык аймагынын Түп айыл өкмөтүнө, Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Түп айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү максатында, Түп айылдык аймагынын Туп айыл өкмөтүнө Түп райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча каражатын бөлдүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Түп айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XX- сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагына караштуу “Уркаш-Ата” жаңы конушундагы КР Президентинин иш башкармалыгы тарабынан салынып бүткөн мамлекеттик кызматкерлерге берилүүчү үйлөргө инфраструктуралык оңдоо, ремонт иштерин аткаруу үчүн даярдалган сметанын негизинде, Түп райондук өнүктүрүү фондунан 883 000 (сегиз жүз сексен үч миң) сом акча каражаты суралсын.
2. Түп айыл өкмөтүнө караштуу “Ичүүчү таза суу” мекемесинин ремонт иштерине зарыл болгон тетиктерди даярдалган сметанын негизинде Түп райондук өнүктүрүү фондунан сметада көрсөтүлгөн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана жана ишке ашыруу жагы, Түп айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А. милдеттендирилсин.
Тѳрайым | А.О. Орозбекова |