Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Түп айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын XХI-сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 162

Түп айыл аймагындагы жеке менчик турак жай курууга берилген жер тилкелеринин аянтын аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөндөй Айыл аймактын, жергиликтүү кеңештин компетенциясынын 34-беренесине ылайык, Түп айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн токтом жана чечимдери менен үй куруу үчүн берилип кеткен жер тилкелеринин аянты төмөндөгүдөй белгиленсин:

 

1.1991-жылдан 2005-жылга чейин Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечими менен турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелеринин аянты 0,30 га деп аныкталсын.

 

2. 2005-жылдан 2022- жылдарга чейин Түп айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечими менен турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелеринин аянты 0,20- 0,25га деп аныкталсын.

 

3. 2023-жылдан баштап, Түп айыл аймагында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянты 0,07 га деп аныкталсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Түп айылдык кеңешинин жер комиссиясына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Чоркозов Э. А. милдеттендирилсин.

 

Тѳрайым

А. О. Орозбекова