НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму
2023-жылдын 13-марты №15/2
Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылында жайгашкан калктуу конуштун ичинде турган №110 контурундагы социалдык багыттагы жерди ижарага берүү жөнүндө
Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылында жайгашкан калктуу конуштун ичинде турган №110 контурундагы социалдык багыттагы Инн 5-04-11-1012-0285 коду ыйгарылган жалпы аянты 4004,0 кв.м болгон жер аянтынын ичинен 600,0 кв.м жерине дүкөн курууга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын 12-статьясына таянып ижарага берүү боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Уринбаевдин берген корутундусунун негизинде Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылында жайгашкан №110 контурундагы социалдык багыттагы жалпы аянты 4004,0 кв.м болгон жер аянтынын ичинен 600,0 кв.м жерине жеңил курулуш курулуп иштетүү үчүн жер аянты ижарага ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик ,соода байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х.Ш.Артыкова |