Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму

2023-жылдын 13-марты №15/9

Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө

“Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 токтомунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

 1.  Үй- бүлөөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында прафилактикалык иштер алынып барылсын жана үй- бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жөнгө салынсын, аларга: укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам көрсөтүү уюштурулсун.

 

 2.  Нариман айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмү Үй- бүлөөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп түзөө программасына карата методикалык сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жүктөлсүн.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова