НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын отуруму
2023-жылдын 12-апрели №16/3
Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылында үй шартында муниципалдык балдар-бакчасын ачуу жөнүндө
Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылынын тургуну С. Кенжаеванын Нурдар айылында муниципалдык балдар бакчасын ачуу жөнүндө жазган арызынын негизинде, балдар бакчасын ачуу максатында Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Нариман айыл аймагындагы Нурдар айылындагы Бабур көчөсүнүн № 49-үйүндө, үй шартындагы муниципалдык бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Нариман айыл аймагынын Нурдар айылына ачыла турган муниципалдык бала-бакчасына штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына жана Нариман айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х.Ш.Артыкова |