НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын отуруму
2023-жылдын 12-апрели №16/4
Нариман айыл аймагындагы жайыт комитети тарабынан айыл тургундарынын мал жандыктарын багуу боюнча баасын бекитип берүү жөнүндө
Нариман айыл аймагындагы Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н.Джусуевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Нариман айыл аймагынын жайыт комитетинин сунушу менен мал жандыктарын багуу баасы төмөндөгүдөй:
ар бир баш кой эчкиге 180 сомдон
ар бир баш малга 750 сомдон
ар бир баш жылкыга 600 сомдон.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Нариман жайыт комитетинин төрагасы Н.Джусуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы |
Х.Ш.Артыкова |