Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 22

Баткен шаарында жол коопсуздугун сактоо жана алдын алуунун абалы жөнүндө

Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздугу бөлүмчөсү 2023-жылдын 3 айында, шаар аймагындагы жол коопсуздугу болтурбоо жана алдын алуу чараларынын аракетине карабастан 5 жол транспорттук кырсыгы катталган. Андан 5 киши жараат алып 3 киши каза болгон. Жаш өспүрүмдөр катышкан 2 жол кырсыгы катталып 2 жаш өспүрүм денесинен ар кандай жараат алып, 1 өспүрүм каза болгон. 2022-жылдын 3 айына салыштырмалуу 2023-жылдын 3 айында жол кырсыгы жана жол кырсыгынан каза болгондордун саны өскөндүгү байкалат.М:

 

 

 

2022-жыл

2023-жыл

+/-

Кырсык

4

5

+1

Каза болгон

1

3

+2

Жараат алганы

3

5

+2

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн 2023-жылдын 3 айында карата жол кырсыгына кабалгандыгын анализдесек:

 

 

 

2022-жыл

2023-жыл

+/-

Кырсык

1

2

+1

Каза болгону

0

 

+1

Жараат алганы

2

1

-1

 

Окуу жана түшүндүрүү профилактикалык иштеринин жүргүзүлүшү:

 

 

2022

2023

 

Жалпы өткөрүлгөн окуу жана түшүндүрүү иштери

8

10

Мектептерде жана башка окуу жайларында

6

22

Мекеме-уюмдарда жана ишканаларда

5

5

Массалык маалымат каражаттарынан чыгуу (газета)

0/1

2

Телевидение, интернет

1/1

1/2

 

Жол кыймылына жана укук колдонуу тажырыйба көзөмөл жүргүзүү боюнча анализинде 1379 айдоочуга карата укуктук протоколу түзүлүп 2 233 00 сом айып пул салынып, анын 717250 сом төлөнгөн. Анын ичинен автоунааны мас абалда башкарган 28 айдоочуга карата түзүлгөн укук бузуу материалдар Баткен райондук сотуна жиберилип тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Жол коопсуздугун алдын алуу максатында “Ролдо”-5, “Өз алдынча өзгөртүү”-1, “Авторозыск-костоправ”-1, “Айнегин уруксатсыз каралатуу”-2, “Бахус”-2, “Рекламмалык щит”-2, “Коомдук унаа”-3, “Коркунучтуу жүк”-1, “Такси”-1, “Гололед”-1, “Пешеход”-1 жалпы 20 жолу рейдтер жана операциялар жүргүзүлгөн.

Шаар аймагында 154 км.автожол бар. Анын ичинен Эл аралык маанидеги 36 км, жергиликтүү маанидеги 118 км.

Жол коопсуздугунун алдын алуу жана болтурбоо максатында Баткен шаар мэиясынын алдындагы ММД /ААкматов/ менен 42,2км аралыктагы жолдордун абалы текшерилип кемчиликтерди жоюу максатында биргелешкен көрсөтмөлөр кабал алынган: “Пост ГАИ –Раззаков көч” 0,6 км, “Нургазыенв көчөсүнөн-С.сыдыков көчөсү”-3-4 км,”Жибек-Жолу”-6 км, “Т.Садыков-К.Турмаматов” көчөсү 1,3 км, “Ходжаев Б” көчөсү-0,6 км көчөлөрү жана башка көчөлөрдун автожолдоруна, жол белгилерине текшерүү жүргүзүлгөн. Жол белгилерин жана жолдорду оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүү максатында ММД башчысы А.Акматовго 3 ай ичинде жалпысынан 22 жолу жол көрсөтмөсү жазылып, 1 жолу билдирүү жогорку органдарга берилген.

Техникалык көзөмөл кызматы тарабынан “А/О Баткен” жоопкерчиликги чектелген коомунун коомдук транспорт айдоочуларына, №2022 чек ара аскер бөлүгүнүн автотранспорт айдоочуларына жана башка шаар аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын автоунаа айдоочуларына 6 жолу түшүндүрүү жана көзөмөл рейди жүргүзүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1.     Баткен ЖККК бөлүмү тарабынан шаарында жол коопсуздугун сактоо жана алдын алуу чаралары көрүлүп жаткандыгы белгиленсин.

2.     Шаар аймагындагы башталгыч, орто, атайын орто мектептеринде окуучулардын жол коопсуздугун сактоо инспекторлор тарабынан үзгүлтүксүз такай жүргүзүлүп турулсун.

3.     Шаар аймагындагы жана ичиндеги жол белгилерин ар дайым оң абалда туруусун көзөмөлгө алуу жагы шаардык ЖККК бөлүмүнө жана шаар мэриясына тапшырылсын.

4.     Шаар ичиндеги борбордук көчөлөрдө баш аламан турган автоунаалар атайын жайларга коюулуусу үчүн “Атайын жайларды” уюштуруу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

5.     Шаарга келген айыл өкмөттөрдүн таксилери жана автоунаалары үчүн шаардын 4 тарабына кирүү – чыгуу аялдамаларды уюштуруу жагы пландалсын

6.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов