БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 23
Баткен шаарынын Келечек АТОсунун М.Нургазыев көчөсүндөгү Б.М.Джонибекованын “Өндүрүштүк багыттагы” (Ц-1) 102,0 м2 менчик жер аянтын, “шаардын борборунун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы” жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 22-февралдагы №02-6/92 катына , Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышы нын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Келечек АТОсунун М.Нургазыев көчөсүндөгү .Джонибекова Биби Момошевнанын “Өндүрүштүк багыттагы” (Ц-1) 102,0 м2 менчик жер аянтын, “шаардын борборунун мамлекеттик жана коммерциялык ишмердүүлүк занасындагы” жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Б.М.Джонибекованын менчик жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |