Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 26

Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун тургуну С.Дыйкановго Кызыл-Жол АТОсунун Кара-Тоо аймагынан ижара ыкмасында берилген, 1,5 га “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянтын “Көп жылдык бак-дарактар түрүнө” багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 3-беренесине, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 14-апрелдеги №02-14/210 катына , Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун тургуну Дыйканов Сыдыкка Кызыл-Жол АТОсунун Кара-Тоо аймагынан ижара ыкмасында берилген, 1,5 га “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянтын “Көп жылдык бак-дарактар түрүнө” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.С.Дыйкановго көп жылдан бери өздөштүрүп ижаралык ыкма менен пайдаланып келген жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов