Редакцияот 26.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 26-апрели № 29

Шаар калкына берилип жаткан таза суунун абалын жакшыртуунун чаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 11-пунктчасына, Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарына 1 айлык мөөнөттө: талапка ылайык залалсыздандырылган, үзгүлтүксүз кемчиликтерин жоюу менен ичүүчү таза сууну берүү жагы “Баткен-Таза суу” ЧМИ башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу У.Балтабаевге жүктөлсүн;

-Ичүүчү таза сууну залалсыздандыруу үчүн лабароториялык жабдууларды ишке киргизүү жагы 3 айлык мөөөттө;

- хлораторду үзгөлтүксүз берүүнү жолго коюу жагы 1 айлык мөөнөттө аткаруу;

-Ичүүчү таза сууга болгон төлөм акыларын электрондук төлөмдөргө туташтыруу жагы 6 айлык мөөнөттө;

2.ЕБРР дин долбоорун аткарылган бөлүгүн жумушчу комиссия аркылуу кабыл алуу, жумушчу комиссияга 3 айлык мөөнөт берилсин.

2.  Шаар калкын үзгүлтүксүз, залалсыздандырылган таза суу менен камсыздоонун көрүлгөн чаралары боюнча шаар мэриясы кезектеги ар бир сессияда маалымат берип туруу жагы эскертилсин.

3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов