Редакцияот 06.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезектеги IV сессиясы

 

2023-жылдын 06-июлу № 16

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын алты айлык отчёту жөнүндө

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун 2023-жылдын 6 айлык отчётун, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги № 2 отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат

 

1. Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун 2023-жылдын 6 айлык отчёту канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:

Ысаков С.Б.