САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын -XXIII сессиясы
2023-жылдын 2-августу № 19
Сары-Булуң айыл аймагынын 27.07.2023-жылдагы Элдик жыйынынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булуң айыл аймагынын 27.07.2023-жылдагы Элдик жыйынынын №3 протоколун бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоевдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сары-Булуң айыл аймагынын 27.07.2023-жылдагы Элдик жыйынынын №3 протоколун бекитилсин.
2. Сары-Булуң айыл аймагынын ички жолдорду ирээтке келтирүү жана оңдоо максатында Жаштык жана Чалдыбар көчөлөрүнүн 700 м ички жолун кара шагыл менен бодурлоо үчүн Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна долбоорду сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
Эпээва В.М. |