Редакцияот 11.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын -XVI сессиясы

2022-жылдын 11-августу № 19

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына ысым ыйгаруу тууралуу

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянчасына ысым ыйгаруу тууралуу жергиликтүү жамааттын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына ысым ыйгаруу тууралуу жергиликт жамааттын кайрылуусу канааттандырылып, Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы кичи футбол аянтчасына Оруналиев Суранбектин ысымы ыйгарылсын.

 

2.  Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

3.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Сары-Булуң айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Эпээва В.М.