Редакцияот 02.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын -XXIII сессиясы

2023-жылдын 2-августу № 20

Кара-Суу айылындагы Жаштык жана Чалдыбар көчөлөрүнүн 700 метр ички жолун кара шагыл менен бодурлоо иштерине карата жергиликтүү бюджеттен акча каражатын болүп берүү жөнүндө

Сары-Булун айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба маселелери боюнча башкы адиси А.Рысбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы Жаштык жана Чалдыбар көчөлөрүнүн 700 метр ички жолун кара шагыл менен бодурлоо иштерине карата, Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна өткөрүлүүчү долбоорго өздүк салым үчүн 508716 сом акча каражаты 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

2.  Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

 

3.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын

 

Сары-Булуң айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Эпээва В.М.