БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели №01
«Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга болгон тарифин жана атайын техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган бааларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-ж. № 123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Комерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 29.03.2023-ж №13 буйругуна ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-апрелиндеги №01-17/502 катынын жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 12.04.2023-ж отурумунун бүтүмүнүн негизинде Бостери айылдык кенеши Токтом кылат:
1.«Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга жана атайын техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Аталышы | Өлчөм бирдиги | Баасы (сом) |
| Ичүүчү(муздак) суунун наркы | сом/1м куб | 30 |
| Көчөдөгү колонкадан ичүүчү сууга 1 кишиге | сом | 16 |
| Короодогу колонкадан ичүүчү сууга 1 кишиге | сом | 27 |
| Үйдүн ичине киргизилген ичүүчү сууга 1 кишиден | сом | 45 |
| “Мерседес Спринтер” кичи автобусунун кызмат акысы | Сом/1 саат | 1410 |
| Ассенизатордук автомашинасынын кызмат акысы | Сом/1 саат | 1621 |
| Экосковатордун кызмат акысы | Сом/1 саат | 1974 |
2.Бостери айылдык кенешинин “Бостери Суу” муниципалдык ишканасынын 2015 -жылга тарифтерин бекитүү жөнүндө” 12.03.2015 -ж № 6 токтому жокко чыгарылсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге жана «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Байбосуновго милдеттендирилсин.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары М.Байтокова