Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 24-марты № 12

Чельпек айыл аймагындагы айыл чарба техникалары менен кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө

 

      2023-жылдын 14-мартындагы аксакалдар кеңеши менен айыл аймактагы айыл чарба техникалары менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы  кеңешменин чечиминин негизинде Чельпек айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Айыл аймакта айыл чарба техникалары менен 1 (бир) гектар айдоо жер аянтында кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй бекилсин:

 

 

- Соко кызматы-4500 сом

-Соко менен дың,катуу жерди бузуу-5000 сом

-Жерди түздөө (малалоо) – 2000 сом

-Үрөн себүү (сеелка)-1500 сом

-Бороз кескич  – 2 сом/мм

- Культиватор – 2000 сом

- Картошка сепкич (сажалка) – 5000 сом

- Комбайн – 4000 сом

-Тырмак (боковой) -1800 сом

-Чөп чапкан комбайн – 2200 сом

- Косилка – 2000 сом

- Уу сепкич – 1500 сом

- Казгыч (копалка) – 6000 сом

- Тангыч (пресс) -17 сом/1түк

- Доминатор- 5000 сом

 

2. Токтомдо бекилген айдоо жерлерине айыл чарба техникалары менен кызмат көрсөтүү акысы менен иш алып барылсын.

 

3.Айыл чарба техника ээлери бекитилген тартиптен жогору баада кызмат көрсөтсө ага тартиптик чара көүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. К. Омуркулов