Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 24-марты № 13

“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотуу жөнүндө

 

  Чельпек айыл аймагынын тургундарын “ЭлКат”жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан  үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыз кылуу максатында оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн Чельпек айыл аймагынын калктуу конуш ичине жана Ак-Марча өрөөнүнө темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга уруксат алуу боюнча “ЭлКат”жоопкерчилиги чектелген коомунун катынын негизинде жана ишкананын менеджери Т.Кайыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү сессиясы токтом кылат:

 

1.    Чельпек айыл аймагына тиешелүү Ак-Марча өрөөнүнө  “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга макулдук берилсин.

 

2. Орнотулган темир-бетон байланыч-таянычтарына айыл тургундары тарабынан электр чубалгыларын  илүүгө макулдашылсын.

 

3.. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Б.Кадаевка жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси  Т.Т.Турдубековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. К. Омуркулов