ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-апрели № 15
“Айылдын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
“Айылдын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобо менен таанышып жана талкуулап, Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXVI - сессиясынын негизинде токтом кылат:
1.”Айылдын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы С.Б.Кадаевка милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Сариевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. К. Омуркулов |
Чельпек айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 05.04.2023- жылдын
28-чакырылышынын 26-сессиясынын
№ 15-токтому менен бекитилди.
Чельпек айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча
ЖОБО
Жалпы жобо
1. “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2 Наам берилчү жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар,айылда жашаган жана сыртта жүргөн айылдын тургундарына тааныш,ошол эле учурда сый- урматка ээ болушу шарт.
1.3 “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет.Наам айылдын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак даңкынын өсүшүнө кошкон жетишээрлик салымы үчүн берилет.
1.4 Наам айыл чарба багыттындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу- сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5 Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүүлүк жардам), көрсөткөн баатырдыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эркиндиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6 Наам Чельпек айыл аймагынын башчысы кызматында катары менен 2 мөөнөтүндө шайланып кызмат кылган жаранга жана Чельпек айыл аймагынын депутаты болуп катары менен 2 чакырылышына шайланган депутатына берилиши мүмкүн.
1.7 Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8 Наам өзгөчө шарттарда жана жобонун 1,5- пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта 1 жылда бир каралат.
1.9 Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
1.10 “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси наамды тастыктаган күбөлүк (айылдык Кеңештин жана айыл өкмөттүн мөөрү менен) кошо тапшырылат.
1.11 Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
2. “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жузүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар ( айылдык Кеңеш, жаштар уюму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелер), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу.
2.2 Жеке жароандын кайрылуусу жарабайт
2.3 Кайрылуу айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл.
Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны
Сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери
3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
2.4. Сунушталган документтер айыл өкмөттүн жооптуу катчысына берилет.
2.5.Айылдык Кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. “Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги
3.1.“Ардактуу атуулу” наамынын ээси күбөлүгүн төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3.2.“Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда уюмдарда чогулуштарына катышууга укуктуу.
3.3.“Ардактуу атуул” наамынын ээси төш белгисин тагынып күбөлүгүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда сөгүнүүгө,коомдук тартипти бузуусуна тыюу салынат
4. “Чельпек айыл паймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу
4.1.“Чельпек айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде айылдык Кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2 Жүрүш-туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр- чатак,мушташуу ж.б.у.с) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө айылдын “Ардактуу атуул” наамынан ажыратуу жагы каралат.
4.3.“Ардактуу атуул” наамын ажыратуу жашыруун добуш берүү менен аныкталат.Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) “макул” добуш берсе.
4.4.Наамды ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берүүгө тийиш.
5. Добуш берүү тартиби
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2.Бюллетенде наам ыйгарылуучу атуулдун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты жана алдына “макул”,”каршы” деп жазылат.
5.3.Эгерде наам алдуучулардын саны көп болсо алфавит боюнча жазылат.
5.4.Ар бир талапкерлерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) “макул” добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5.Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.