Редакцияот 04.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2023-жылдын 4-майы № 4

Орто-Боз айылына инвестицияга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отуруму 2023-жылдын 2-майындагы № 1 протоколун карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

Токтом кылат

 

1.    Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Орто-Боз айылына келген инвестицияга 500 000 ( беш жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин  бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ысаков С.Б.