Редакцияот 04.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2023-жылдын 4-майы № 10

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата Социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компенентинин (3-циклынын) алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйдү: Рават орто мектебине акылдуу ( интрактивдүү ) доскаларды, телевизорлорду жана музыкалык апараттарды сатып алууну айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Ак-Татыр айыл аймагынын “ Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын” (ТКАИА) аткаруу комитетинин төрагасы Жангиров Дурусбек Сейдимахматовичтин билдирүүсүн угуп карап чыгып  Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги IIсессиясы

 

Токтом кылат

 

 

1. CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо  долбоорунун 1Б кичи компенентинин (3-циклынын) алкагныда Рават айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган төмөнкү артыкчылыктуу көйгөй: Рават орто мектебине акылдуу ( интрактивдүү ) доскаларды, телевизорлорду жана музыкалык апараттарды сатып алуу Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн  2023-жылга карата түзүлгөн айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн

 

Төрага

Ысаков С.Б.