Редакцияот 22.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2023-жылдын 22-майы № 15

Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо”жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 10-майындагы №01-13/2101 сандуу чыгыш катын, карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

Токтом кылат

 

 

1. Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын батыш тарабынан “Лыжа тебүү” базасын куруу үчүн жер участогун которууга (трансформация) макулдук берилген.

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын батыш тарабынан Мамлекеттик менчиктеги №5730-контурундагы 1,40 га жер жана №5731-контурундагы 2,60 га жер аянттары таштуу жайыт жер. Мамлекеттик менчиктеги 4,0 гектар жер аянты таштуу жайыт “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Мажитовго жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

 

Бектемиров Э.Д.