ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы
2023-жылдын 17-марты № 2
Бетон завод куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын Соломо участкасындагы айыл чарбасына, жайытка жараксыз, башка багыттагы 0,20 га жер аянтына бетон завод курууга уруксат берүү боюнча жергиликтүү Кеңештин жер, агрардык маселелер, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 17-март 2023-жылдагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1. Соломо участкасындагы айыл чарбасына, жайытка жараксыз, башка багыттагы 0,20 га жер аянтына бетон завод куруу үчүн “Соломо бетон” ЖЧКсына ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бетон заводду куруу үчүн керектүү иш кагаздарын КР Мыйзамдарынын чегинде даярдоо жана келишимдерди түзүү айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |