Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы

2023-жылдын 17-марты № 8

Көзөмөл постун уюштуруу жөнүндө

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 6-мартындагы №1 протоколунун тапшырмасына ылайык Өрүктү айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовдун билдирүүсүн эске алып, Өрүктү айыл аймагынын аймагында жайгашкан жайыттарга чыгуучу малдын санын контролдоо үчүн атайын көзөмөл постун уюштуруу максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айыл аймагынын аймагында жайгашкан жайыттарга чыгуучу малдардын жайытка айдоо графигин, эпизотикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана малдын эсебин алуу максатында көзөмөл посту уюштурулсун.

 

2.  Көзөмөл постун уюштуруу үчүн айыл аймактын жайыт комитетинин эсебинен 60 000 (алтымыш миң) сом болуп берүү жана көзөмөл постун уюштуруу боюнча иш алып баруу жайыт комитетинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы

 

К. С. Усенбаева