Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II cессиясы

2023-жылдын 17-марты № 11

Өрүктү айыл аймагынын 2023-жылдагы атайын каражат эсебине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Өрүктү айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси С. Манабаеванын билдирүүсүн эске алып, “Хельветас” жана Өнүктүрүү саясаты институтунун уюмдарынан турган консорциумда ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында коомдук угууларды жана окутуу семинарларды өткөрүү үчүн бөлүнгөн акча каражатын кириштөө максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1.  Өрүктү айыл аймагынын аппаратынын атайын эсебинин каражаты 18 000 (он сегиз миң) сомго көбөйтүлсүн.

 

2.  Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана кириштелген каражатты мыйзамдын чегинде статьяга жайгаштырып, өз максатында чыгымдоо ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

К. С. Усенбаева