НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-июну № 8
Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Чиртек-Сай айылына айыл статус берүү жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Чиртек-Сай айыл тургундарынын 19,05,2023-жылы жазган кайрылуусун жана Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровтун 19,05,2023-жыл №С-264 сандуу кайрылуусун карап чыгып Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу Чиртек-Сай айылына айыл статусун берүү боюнча Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 19,05,2023-жыл №С-264 сандуу кайрылуусу карап канатандырылсын.
2. Кабыл алынган токтомду Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кеңештин жоопту катчысы Ж.Инаятовго жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |