НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-июну № 10
Ноокен айыл өкмөтүнө областты өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып алынган эксковатордун мото саатынын тарифин кароо жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун 16,05,2023-жылы №01-7\156 сандуу жазган кайрылуусунун негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнө областты өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып алынган эксковатордун мото саатынын тарифин Ноокен айыл өкмөтүн жумуштарына мото сааты 1500 сом, ал эми айыл тургундарына мото сааты 2000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж. Инаятовко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча орун басары Н. Ажыкуловго милдетендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Акматалиев |