Редакцияот 21/50
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы №21/50

Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин 2023-жыл үчүн иш-планын бекитүү  жөнүндө

 

 

 Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин 2023-жыл үчүн иш-планы бекитилсин.

 

2. Иш-пландагы маселелердин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын жооптуу катчысы С.Жумакановго тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б. Казиев