КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/51
Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн “Жол картасын” бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн “Жол картасын” бекитип берүү жөнүндө Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн “Жол картасы” бекитилсин.
2. Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылдарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, реалдуу натыйжаларга жетишүү жагын камсыз кылуу Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |