КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/54
Айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» №305 Жарлыгына ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген эрежеге ылайык айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында менчинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактардын иш алып баруусун камсыз кылуу менен бирге көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|