Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 4-апрели №21/56

Жазгы талаачылык жумуштарына карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү жана чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын бекитүү жөнүндө

Айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, жазгы талаачылык жумуштарына карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү жана чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын бекитүү жөнүндө элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №4 протоколунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши токтом кылат:

  1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 31.03.2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №4 протоколу бекитилсин.                   

 1) Техникалардын кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөгүдөй белгиленсин:

Кош айдоо                     - 1800 сом 20 литр май

Себүү (2 жолу)              - 800 сом 15 литр май

Планировка                   - 500 сом 10 литр май

Тырмоо                           - 500 сом 10 литр май

Арык  тартуу      - өз ара макулдашуу менен

Жатка                 - 1400 сом 10 литр май

Косылка                          - 900 сом 10 литр май

Картошка чийүү            - 500 сом 10 литр май

Культивация-                - 500 сом 10 литр май

Картошка казуу - келишим баада

Дан комбайн     - 2000 сом 25 литр май

Чөп престөө                  - 1400 сом 10 литр май

 

Жайлоого көчүп-конуунун графиктери жана алынуучу акылар төмөндөгүдөй  белгиленсин:

Жаздоого айыл ичиндегилер 15-апрелден  кечикпей.

Жаздоодон  алыскы  жайлоого  чыгуу 15- май  менен

Кайра күздүккө түшүү 5-сентябрь  менен

Айыл ичине көчүп келүү 5-октябрь менен

Малдан алынуучу  ЖПБнин  акылары: ар бир башка

Уйга-100

Койго-20 сом

Жылкыга -100 сом

Топоз -250 сом 

Мал алып чыккан чабандардын мал башына алынуучу  акылары:

Кой-эчкиге                     - 70 сом

Уйга                                 - 450 сом

Жылкы, тайга    - 450 сом

 

2. Корукка кирген ар бир малдын башына бодого 300 сомдон айып пул салынсын.

 

4. Айыл аймагында 2023-жылга карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү, чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №4 токтомунун  негизинде жүргүзүү жагы тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилсин.  

 

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Боронбаевге жана айыл башчы К.Асанбековго тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б. Казиев