КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели №22/57
Ормон хан Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын негизинде биригип жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын негизинде кайрадан уюштурулуп жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №5 протоколунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун ысымын административдик-аймактык реформанын алкагында кайрадан биригүүнүн негизинде уюштурулуп жаткан Кочкор айыл аймагына ыйгаруу жөнүндө элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №5 протоколу жактырылып, Кочкор айыл аймагына Ормон хандын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” ПЖ №85 Жарлыгына ылайык Кочкор, Ак-Кыя, Кош-Дөбө, Көк-Жар айыл аймактары жана Семиз-Бел айылы бириктирилип жаткандыктан, жаңы түзүлө турган айыл аймакты “Ормон хан” айыл аймагы деп атап берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жогорку органдарга сунуштоо жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.А.Омошевге сунушталсын.
Төрага | Б. Казиев |
|