КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели №22/58
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндөгү аткаруу комитетинин төрагасы Бакиров Нурландын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кош-Дөбө айылдык кенеши токтом кылат:
1. Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясы уюштурулсун
2. Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясын каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы аткаруу комитетинин төрагасы Бакиров Нурланга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы жайыттарды пайдалануу жана КБФдин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|