КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели №22/59
Кош-Дөбө айыл аймагында мамлекет тарабынан бир жолку акысыз жер участокторун алуунун кезектүүлүгүн уюштуруу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында мамлекет тарабынан бир жолку акысыз жер алуунун кезектүүлүгү уюштуруу жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1.Кош-Дөбө айыл аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн мамлекет тарабынан бир жолку акысыз жер участокторун алуунун кезектүүлүгү уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын негизинде мамлекет тарабынан бир жолку акысыз жер участокторун алуунун кезектүүлүгүн уюштуруу жана жарандардын берген арыздарынын негизинде ирети менен каттоого алуу боюнча иш алп баруу жагы айыл өкмөттүн жер, жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчу адиси Ж.Асанбек уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы жайыттарды пайдалануу жана КБФдин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|