КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели №22/60
Кара-Саз айылынын тургуну У.Боронбаевдин арызын кароо жөнүндө
Кара-Саз айылынын тургуну У.Боронбаевдин арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Саз айылынын тургуну У.Боронбаевдин арызы канааттандырылып, Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылында жайгашкан мурунку автогаражды Кош-Дөбө айыл өкмөттүнүн балансынан чыгарууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык Кара-Саз айылында жайгашкан мурунку автогаражды айыл өкмөттүн балансынан чыгаруу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөттүнүн ФЭБнын башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|