АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлу №33
Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Жараке айылынын тургундарынын 31.05.2023-жылдагы №01-13/45 сандуу арызын канааттандыруу максатында Социалдык саясат, регламент, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 12.06.2023-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон райондук ооруканасынын төрөт бөлумүндө 40 жыл эмгектенген жана Базар-Коргон райондук саламаттыкты сактоо борборунда көп жылдан бери эмгектенип, калктын ден-соолугун чыңдоодо элге кошкон зор салымын эске алып,Акман айыл тургундарына да жакындан жардамын көрсөткөндүгү үчүн Акман айыл аймагынын Жараке айылынын тургуну Ибраимова Инабатханга “Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “ Ардактуу атуул” наамынын төш белгисин жана лентасын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы К.Таалайбек кызына милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |