Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-июлу №34

Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

   Б.Осмонов атындагы №6-гимназия мектебинин 31.05.2023-жылдагы №01-13/46 сандуу сунушун канааттандыруу максатында Социалдык саясат, регламент, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 12.06.2023-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаш муундарга билим,тарбия берүүдө көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Билим беруунун отличниги Жараке айылынын тургуну Мамачалова Умсунай Токтосуновнага “Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. “ Ардактуу атуул” наамынын төш белгисин жана лентасын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.  Аталган токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Акман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тилекеев