Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-июлу №35

Акман айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык жерлерди реестрине киргизүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 2023-жылдын 28-июлундагы №01-32/223 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясында кабыл алынган 31.05.2023-жыл №26 токтому төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн. Акман айыл аймагынын Кайырма айылындагы Максутов Батыркул атындагы мечиттин жанында жайгашкан 800кв м жер аянты 1130кв м жер аянты болуп Акман айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерлер боюнча Реестрине катталсын.

 

2.  Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго тапшырылсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Мыйзамдуулук укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.  Токтом Акман айылдык кеңешинин akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Акман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тилекеев