АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлу №37
Жараке айылынын көчөсүнө Найманов Кабылдын атын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Акман айылдык кеңеши Жараке айылынын элинин 2023-жылдын 30-майындагы №01-13/48б сандуу арызын канааттандыруу максатында, Мыйзамдуулук комитетинин 17.07.2023-жыл өткөргөн отурумунун корутундусуна таянып Жараке айылынын Кахар көчөсүнүн түгөнүшүнөн Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бай-Мундуз айылына чейинки көчөгө Найманов Кабыл аксакалдын наамын ыйгаруу үчүн Акман айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Жараке айылынын Кахар көчөсүнүн түгөнүшүнөн Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бай-Мундуз айылына чейинки көчөгө Найманов Кабыл аксакалдын аты ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук мыйзамдуулук укук тартиби комуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |