АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-августу №40
Акман айыл өкмөтүнө 2023-жыл үчүн Республикалык бюджеттен жер салыгынын ордун толуктоо үчүн келген акча каражатын бөлүп жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 09.08.2023-жыл №01-32/234 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин толуктоо үчун Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер эсебинен келген 337900сом акча каражатын, Акман айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу максатында төмөндөгудөй тартипте бөлүнсүн.
2. З.Мураталиев мектебинин ашканасын оңдоп түзөө үчүн 187 900сом. Участкалык милициянын таяныч пунктунун бөлмөсүн оңдоп түзөөгө 150 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө Бюджет,каржы,муниципалдык, менчик инвестиция, ишкердик , кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
5. Токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |