Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 27-январы № 4

 

Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Раззаков шаардык Кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 14-апрелиндеги кезексиз XII сессиясынын № 5 токтомуна, 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №2 токтомуна жана Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө 2022-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XIX сессиясынын № 7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Раззаков шаардык Кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 14-апрелиндеги кезексиз XII сессиясынын №5 токтомунун 9-пунктундагы “№733 контурундагы 1,0 га” деген сөздөр, “№732-733-781- контурларынан 6,0 га” деген сөздөр менен өзгөртүлсүн.

 

2. Раззаков шаардык Кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын № 2 токтомунун 8 пунктунда көрсөтүлгөн 181,9 га шаар жана шаарга караштуу жер тилкелери кайрадан инвентаризацияланып, жайыт жеринен 236,30 га, мамлекеттик айыл чарба фондунун кайрак айдоо жеринен 70,80 га, Бозогүл участкасынан 2,30 га айыл чарба фондунун суугат айдоо жеринен, жалпы болуп 309,40 га жер тилкеси трансформациялоого көрсөтүлгөн токтомго 127,5 га жер тилкеси кошумча киргизилсин. Жалпысы болуп мурдагы 702,9 га жер тилкеси 829,84 га болуп өзгөртүлсүн.

 

3. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө 2022-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XIX сессиясынын № 7 токтомунун тиркемесине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.

 

4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Б.Т. Сапаев