Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2023-жылдын 28-сентябры №5

Штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө

Раззаков шаарынын мэриясынын калктын коопсуздук маселелери боюнча Раззаков шаарынын мэриясына техникалык тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн кошумча 1 (бир) штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №228 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Раззаков шаарынын мэриясына техникалык тейлөө кызматын көрсөтүү үчүн кошумча 1 (бир) штаттык бирдиги киргизилсин жана кызматкердин айлык маянасынын тарификациясы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

 

2.  Бекитилген токтом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогун делимитациялоо жанан демаркациялоо процесси толук аяктаганга чейин колдонулсун.

 

3.  Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Т. Сапаев

 

Раззаков шаардык кеңешинин VI

чакырылышынын кезектеги XXV

сессиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы

№5 токтомуна тиркеме

 

Раззаков шаарынын мэриясынын техникалык тейлөө кызматкеринин 2023-жылга карата тарификациясы

 

№

Ф.А.А

Кызматынын аталышы

Штаттык саны

минималдуу базалык ставка

01.08.2022-ж №433 токтомуна ылайык эселөө коеффиценти

Кызматтык оклады

01.08.2022-ж №433 токтомуна ылайык иштеген жылдары үчүн үстөк өлчөмү

25.06.1997-ж  №377  токтомуна ылайык иштеген жылдары үчүн үстөк өлчөмү

Райондук коэфицент 10 %

Жалпы бир айлык эмгек акы

Эмгек өргүү

2 айлык материалдык жардам

01.08.2022-ж №433 токтомуна ылайык  13-эмгек акы

Жалпы жыл ичинде (2111)

соцфондго чегерүү 17,25% (2121)

Жылдык эмгек акы фонду (2111+2121)

стаж

%

сумма

стаж

%

сумма

1

Кундузов Үсөн Акылбекович

ККМБЫУ өкүлү

1

7040

1,8

12672

6,1

15

1900,8

6,1

5

634

1521

16727

22604

33454

20005

260060

39089,57

299150

 

ИТОГО

1

2

12672

1901

634

1521

16727

22604

33454

20005

260060

39090

299150

Раззаков шаарынын

мэриясынын финансы

бөлүмүнүн башчысы,

башкы эсепчиси:

 

 

 

К. Кожошов