Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июлу № 27/90

Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2022–жылда жана 2023-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 30-майындагы №14 протоколуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кызыл-Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 2022–жылда жана 2023-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө Кызыл–Кыя шаардык социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятованын маалыматы эске алынсын.

 

2.  Кызыл–Кыя шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Т.Давлятовага милдеттендирилсин:

 

-    калктын аярлуу катмарын тейлөөдө башкармалыктын кызматкерлери тарабынан аяр жана сылык мамиле жасоону талап кылуу;

-    шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу, жөлөк пулдарды чегерүү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү иштерин сапаттуу жүргүзүү ;

-    шаардын мэриясы менен биргеликте балдарга карата зордук–зомбулуктарга жол бербөө багытында ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо жана аларды көзөмөлгө алуу иштерин алып баруу;

-    шаардагы эмгек рыногуна мониторинг жүргүзүү менен калкка жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутуу жана аларды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү иштерин активдүү жүргүзүү;

-    гуманитардык жардамдар берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, айыл башчылары менен биргеликте сапаттуу даярдоо;

-    гуманитардык жана жергиликтүү бюджеттен берилүүчү жардамдарды өз адресине жетүүнү камсыз кылуу;

-    шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын ишинде белгиленген кемчиликтерди жыл аягына чейин жоюу.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов