КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/91
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын 2022 – жылда жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 30-майындагы №14 протоколуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын 2022 – жылда жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы З.Надировдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы З.Надировго милдеттендирилсин:
- калкты тейлөөдө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү башкармалыктын кызматкерлеринен талап кылуу;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү өз убагында каттоого алуу;
- шаар калкынын пенсия курагындагы жарандарын категориялары боюнча так аныктоо жана аларга пенсияларды өз убагында чегерүүнү жүргүзүү;
- жарандарга пенсия чегерүүнүн жол-жоболору жана МПТФ (мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду) жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- пенсияга кошулган жогорулатууларды, кайра эсептөөлөрдү өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |