КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/92
Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн (СЭС) жана Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык ветеринардык участкасынын 2022-жылы жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 30-майындагы №14 протоколуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн (СЭС) жана Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык ветеринардык участкасынын 2022-жылы жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө маалыматтар эске алынсын.
2. Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы А.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин:
- инфекциялык ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү активдештирүү жагы;
- калктын ден соолугуна кам көрүү максатында көчөлөрдө, базарда сатылып жаткан тамак-аш-эт продуктыларынын сакталуусу жана сатылуусу (айрыкча жаз-жай айларында тез бузулуучу тамак-аштар), коомдук тамак-аш жайларынын санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлгө алуусун күчөтүү;
- жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү;
- эмканада колдонуучу медициналык аппараттардын дезинфекциялоодон өтүүсүнө, медициналык кызматкерлердин санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жагы ;
- мектепке чейинки балдардын, окуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында, бала бакчаларда, мектептердин класстарындагы жана окуу жайлардын окуу корпустарындагы температуралык режимдердин сакталышына жана балдарга даярдалуучу тамак-аштын сапатына көзөмөлдөө жүргүзүү;
- өлгөн мал жандыктарын жана жолбун иттерди таштоочу “ Беккарь” чункурун, шаардын таштанды таштоочу жайларын, таштанды таштоочу полигонду мезгил-мезгили менен дезинфекциялоону көзөмөлдөө;
- борбордук “Таштемир ажы” базарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын (кафе, ашканаларды) канализацияга туташтырылуусун жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз болуусун көзөмөлдөө максатында комиссия курамы менен рейд өткөрүү.
3. Кызыл-Кыя шаарынын борбордук “Таштемир ажы” базарынын администрациясына милдеттендирилсин:
- базарда жайгашкан коомдук тамактануучу жайларды (кафе, ашканаларды) канализацияга туташтырууну камсыздоо;
- сатуучуларды жана кардарларды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо максатында суу түтүкчөлөрүн орнотуу.
4. Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаар аймагында жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык эмес деп табылсын жана бул жөнүндө жогорку турган органына билдирилсин.
5. Кызыл-Кыя шаарында мурда иштеп келген ветеринардык башкармалыгын кайрадан ачуу, кошумча ветеринардык штаттарды бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык кызматынан суралсын.
6. Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы С.Эргешовго жана Кызыл-Кыя шаардык ветеринардык участкасынын инспектору Э.Алиевге милдеттендирилсин:
- мал жандыктарынан жугуучу инфекциялык (кутурма, бруцеллез, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү;
- Кызыл-Кыя шаарынын аймагына кирүүчү мал жандыктарынын жана базарларда, дүкөндөрдө сатылуучу эттердин ветеринардык-лабораториялык текшерүүдөн өтүүсүн камсыздоо;
- шаардын аймагында мал жандыктарынын жана иттердин санын тактоо, учетко алуу жана алардын өз убагында эмдөөдөн өтүүсү үчүн вакциналар менен камсыздоо.
7. Шаардын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы К.Шератовго милдеттендирилсин:
- таштандыларды алып чыгуу үчүн шаар тургундары жана мекеме-ишканалар менен келишимдерди түзүүнү колго алуу;
- шаар аймагынан таштандыларды өз убагында алып чыгууну уюштуруу;
- шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн жолбун иттерди атууну жүргүзүү жана аларды убагында алып чыгып “Беккарь” чуңкуруна көмүүнү уюштуруу.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |