КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/95
2024-жылга карата дем берүүчү гранттардын тизмесин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 5-июлундагы №51-протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун 2023-жылдын 27-июнундагы №01-8/1100 сандуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга карата дем берүүчү гранттардын тизмеси бекитилсин (тиркеме 1).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Токурова) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Калматов |
1 тиркеме |
2024-жылга дем берүүчү гранттар жонунде маалымат
№ | Объекттин аталышы | Сметалык наркы (миц сом) | Республикалык бюджеттен каралган акча каражаттары (миц сом) | Жергиликтуу бюджеттен каралган акча каражаттары (миц сом) | эскертме |
1 | №4 «Ландыш» бала бакчасынын имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоо | 4,5 | 3,0 | 1,5 |
|
2 | ЖДПБнун балдар бѳлмѳсүнүн имаратын капиталдын оңдоо | 7,5 | 5,0 | 2,5 |
|
3 | Караван АБнын имаратынын экинчи кабатына женил конструкциялардан конференц-зал офисин куруу | 5,8 | 4,0 | 1,8 |
|
4 | Ак-Булак айылынын Механизаторская кѳчѳсүн асфальттоо | 6,5 | 4,5 | 2,0 |
|
5 | Абжапаров кѳчѳсүиүн асфальт тѳшѳѳсүн оңдоо | 6,8 | 4,8 | 2,0 |
|
6 | Восток кѳчѳсүнүн асфальт тѳшѳѳсүн оңдоо | 6,8 | 4,8 | 2,0 |
|
| Бардыгы | 37,9 | 26,1 | 11,8 |
|