КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/97
Кызыл-Кыя шаардык борбордук балдар китепканасынын имарат маселеси жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 12-июлундагы № 36-протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык борбордук балдар китепканасынын башчысы И.Милованованын 2023–жылдын 14-июнундагы кириш №КЛ-66 сандуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан китепканалардын абалы жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы К.Кулматованын маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы (К.Кулматова) китепканалардын фондун көбөйтүү, аларды туура сактоо жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Кызыл-Кыя шаардык борбордук балдар китепканасынын имарат маселесин чечүү жагы шаар мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |