Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июлу № 27/98

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 20/70 “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз , Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 20/70 “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө” токтомунун 1,2,3 пункттарындагы “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасы” деген сөздөр төмөндөгүдөй болуп жазылсын: “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы”.

 

2.  Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн конкурс өткөрүп, жеңүүчүлөр менен келишимдерди түзүү, жыйымды өз убагында чогултуу Муниципалдык менчик департаментине (И.Салиев) жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов