Редакцияот 27.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

2023-жылдын 27-марты №21

Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 21.02.2023-жылдагы №15т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр жерлигине өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулган №381-контурундагы 12,0 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шадиманова